Чок-Талда Science аптасы көп бөлүмдүү көнүгүүлөр менен өткөрүлдү.
 Окуучулар даярдаган стен газеталар абдан кызыктуу болду. Жасалган көнүгүүлөр, булар: Биринчи болуп 12 –апрель дүйшөмбү күнү мектептин конференц салонунда бардыгына «Зыяндуу нерселер: тамеки,арак» анан «Суунун укмуштуу кристаллдары жана жагдайы» аттуу семинарлар көңүлдүү өткөрүлдү. 13-апрель шейшемби күнү класстардын арасында билим жарышмасы болду. 14-апрель шаршемби күнү «Космос» жана « Жаныбарлар дүйнөсү» аттуу семинар берилди. 15-апрель бейшемби күнү болсо, билим жарманкеси уюштурулду. Жарманкеде, окуучулар тарабынан даярдалган проект жана эксперименттер мектепте чоң кызыкчылык менен өттү.
Devamını oku...
|
эркин күрөш
Жалал-Абад oбластында 27-28-февралда өткөрүлгөн «эркин күрөш» боюнча мелдешке Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад балдар лицейинин 10-а – классынын окуучусу Жеңишбек уулу Дастан катышып, 85кг салмактагы балдардын арасында 1-орунду ээледи. Ал республикалык мелдешке катышууга жолдомо алды. Бул лицейибиздин сыймыгы деп ойлойбуз. Дастанга мындан кийин дагы көптөгөн ийгиликтерди каалайбыз.
Айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана тазалоо

2010-жылдын март, апрель, май айларында «Айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана тазалоо» боюнча өкмөт тарабынан 3 айлык иш-чара жарыяланды. Мына ошол иш-чара Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад кыргыз-түрк балдар лицейинин окуучулары да четте калбастан, өздөрүнүн салымын кошуп, лицейдин айланасына жаңы көчөттөрдү отургузуп, тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Мектептин окуучулары жана мугалимдеринин катышуусунда бардыгы 300 даана көчөт отургузулду. Алардын 150 даанасы мөмө-жемиш көчөтү, 150 даанасы терек көчөтү .
Турк тилинин жумалыгы
 Ысык-Көл «Себат» кыргыз-түрк кыздар лицейинин түрк тили кафедрасы уюштурган жумалык жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Жумалык, мектепти түрк тилиндеги фразеологизм, учкул сөз, плакаттарды илип, кооздоо менен мектепке майрамдык маанай тартуулоо менен башталды. Окуучулар ар түркүн темадагы дубал газеталарды даярдап, конкурс өткөрүлдү. 9-класстардын кыздары «Ата мени кечир», «Чыныгы достук» аттуу аңгемелерди сахналаштырды. Түрк улуттук кол өнөрчүлүктүн көргөзмө-ярмаркасы өткөрүлдү. Келген меймандарга турк кофеси сунуш кылынды.
Devamını oku...
Талас кыздар лицейинде “Билим дүйнөсү”
Февраль айында, Талас кыздар лицейинде так илимдер предметтери: химия, физика, биолгия сабактарынын жумалыгы болуп өттү. Бир жума боюнча ар кандай иш-чаралар: семинарлар, жарыштар, алардын ичинен айрыкча көзгө толгон “Билим көргөзмөсү” болуп өттү. Жумалыктын ачылышы мугалимдер арасында “Билим таймашы” менен башталды. Бул жумалыкта сабак берген мугалимдер тарабынан “Күнүмдүк жашообузда билим” аттуу семинар окуучулардын көңүлүн өзүнө тартты.
Devamını oku...
|
|
|
|
|
|
Sayfa 2 > 4 |