www.sebat.edu.kg

  • Yazıtipi boyutunu arttır
  • Varsayılan yazıtipi boyutu
  • Yazıtipi boyutunu azaltır

Талас кыздар лицейинде “Билим дүйнөсү”

e-Posta Yazdır PDF
123            Февраль айында, Талас кыздар лицейинде так илимдер предметтери: химия, физика, биолгия сабактарынын жумалыгы болуп өттү. Бир жума боюнча ар кандай иш-чаралар: семинарлар, жарыштар, алардын ичинен айрыкча көзгө  толгон “Билим көргөзмөсү” болуп өттү.

           Жумалыктын ачылышы  мугалимдер арасында “Билим таймашы” менен башталды.

            Бул жумалыкта сабак берген мугалимдер тарабынан “Күнүмдүк жашообузда билим” аттуу семинар окуучулардын көңүлүн өзүнө тартты.

Бир жума боюнча окуучуларга 6 документалдуу фильим көрсөтүлдү. Ал эми бейшемби күнкү болуп өткөн “Билим көргөзмөсүндө” көрсөтүлгөн ар кандай эксперименттер көңүлдүн борборунан орун алды. Бул көргөзмөгө ата-энелер, ар кайсы мектептерден жана ЖОЖдордон мугалимдер келип катышты. Үчүнчү жолу болуп жаткан бул “Билим көргөзмөсү” мындан кийинки жылдарда дагы өткөзүп туруу белгиленди.

            Жума күнкү болгон линейкада активдщщ катышкан мугалимдерге жана окуучуларга ар кандай белектер ыйгарылды.

        

 

 


 

 

Издөө

ГАЛЛЕРЕЯ

32.JPG

Тарых барактары

barsbekОрто кылымдардагы Кыргыз мамлекетинин өнүгүү келечеги Барсбек кагандын саясий ишмердүүлүгүнөн улам калыптанган. Кыргыз каганатынын IХ-Х кылымдардагы гүлдөп-өсүшү, Борбордук Азиянын кубаттуу мамлекеттеринин катарына кошулушу ириде Ышбар күл элтебердин жана Барсбек кагандын ишмердүүлүгү менен байланыштуу.