Эларалык "Себат" билим берүү мекемеси ОУУНдун мониторинги жана анализи боюнча системалуу турдө пландаштырылган иш алып барат. Мына ушундай эффективдүү жана кызыктуу иштеринин бири катары ар бир окуучунун артыкчылыгын жана жетишпегендигин өз убагында аныктап туруучу, ар бир класстын, ар бир лицейдин жалпы рейтингин (жыйынтыгын) тактап туруучу, чейрек сайын өткөрүлгөн бардык сабактардан түзүлгөн тестирлөө болуп эсептелет. Мындай өткөрүлгөн тестирлөө иштери бүтүрүүчүлөр үчүн жыл сайын өткөрүлүп турган жалпы Республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгынан улам көрүнүп турат. Республикада 50 "Алтын сертификат" болсо, анын 6-8ин "Себат" лицейлеринин бүтүрүүчүлөрү алат. "Себат" лицейлеринин жогорку класстарында окуган окуучулары Республикалык олимпиадаларда жалпы билим берүү предметтери боюнча байгелуу орундардын 30%ын ээлейт.





