Жазуучубузду эскерип - Чынгыз Айтматов
“Жазуучубузду эскерип....”
Улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун атын алып жүргөн Бишкек кыргыз-түрк лицейинин жамааты 12-декабрь күнү жазуучуну эскерип, анын сөөгү коюлган Чоң-Ташка барышты.
Лицейдин мүдүрү Юртсевер Карасой баштаган бир нече мугалим жана окуучулар анын арбагына багыштап куран окушту.
Мүрзөсүнө гүл коюп, таазим кылышты.
Мындан сырткары, аталган лицейде Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата жумалык жарыяланып, жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылгын тасмалар көрсөтүлдү.
Чыгармаларын эң көп окуган окуучулар белектер менен сыйланышты.
“Жазуучунун чыгармаларындагы тарыхый фактылардын чагылдырылышы”, “Жазуучунун чыгармаларындагы экологиялык проблемалардын чагылдырылышы” деген темадагы илимий-изилдөө проектилеринин, чыгармаларынын негизинде тартылган сүрөттөрдүн конкурстары да жарыяланып, 7-11-класстардын арасында диспуттар өткөрүлүп жаткандыгын белгилей кетсек болот.





















